Баткенде чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны кармалды

Кечээ, 21-апрелде Баткен облусунун аймагынан чек араны майзамсыз кесип өткөн Өзбекстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кадамжай районунун Насрабад аймагында чек ара кызматкерлери Өзбекстандан Кыргыз өлкөсүнө мыйзамсыз кирген жаранды кармашкан.

Териштирүүнүн алкагында кармалган жаран 1984-жылы туулган Өзбекстандын жараны экендиги аныкталган. Мекемеден тийиштүү документтер толтурулгандан кийин аталган жаран укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилгенин кошумчалашты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан