Ысык-Атада ээсинин 78 баш коюн сатып жиберген малчы Ошто кармалды

Чүйдүн Ысык-Ата районунда 78 баш кой уурдоого шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-март күнү Ысык-Ата РИИБине Новопокровка айылынын 1963-жылы туулган жашоочусу арыз менен кайрылып, малчысы көп сандагы мал жандыкты уурдап, белгисиз тарапка из жашырып кеткенин билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү уучунда, 2021-жылдын январь айында арыздануучу 20-25 жаш курактагы эркек баланы малчы кылып жалдап, экөө ооз эки түрдө келишим түзүшкөн. Малчы Ысык-Ата районунун Чоң-Далы айылы тараптагы сарайлардын биринде малдарын багып жүргөн. Ушул жылдын 13-март күнү ээси малынан кабар алганы барып, санаган учурда 78 баш кой жок болуп чыккан. Ал бул тууралуу ички иштер органдарына кайрылган. Ал учурда малчысы белгисиз тарапка из жашырып кеткени маалым болгон.

Ысык-Ата РИИБинин кызматкерлери тарабынан комплекстүү ыкчам тергөө иш амалдары жүргүзүлүп, жыйынтыгында жогорудагы малчы болуп иштеген бала Ош облусунун аймагында жүрүшү мүмкүн деген ыкчам маалыматтар алынган. Жогорудагы маалыматтын негизинде шектүү жаранды колго түшүрүү максатында кызматкерлер Ош облусуна чыгышкан. Ыкчам издөө иш амалдарынын негизинде жогорудагы кылмышка шектелип 1993-жылы туулган С.Р. аттуу жаран Ош шаарындагы көчөлөрдүн биринен кармалган. Учурда уурдалган малдарды сатып алган жарандын да аты-жөнү такталган.

Териштирүү учурунда кылмышка шектүү жарандын дагы 5 алдымчылык фактысына тиешеси бар экендиги такталган. Ал айыл тургундарынын ишенимине кирип, бодо малдарды сатып берүү үчүн алып ошол боюнча из жашырып кеткени аныкталган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан