Бүгүн, 22-апрелде президенттин аппаратынын өкүлү Кудайберген Базарбаев маданият министри Кайрат Иманалиев менен биргеликте Садыр Жапаровдун атынан Кыргыз эл артисти Султан Каримовго акчалай жардам берип кайтышты. Бул тууралуу ырчы SUPER.KG порталына тастыктады.
Ырчы маалымат каражаттарына "бүгүн Султан Каримов Эл артистин алды" деген маалымат тарап кетти дейт.
"Президенттин атынан акчалай жардам берип кетишти. Менден "Эл артистин алдыңызбы?" деп сурагандар көп болуп жатат. Мен ал наамды Кыргыз өлкөсүнүн 25 жылдыгы болгондо алгам. Болгону кармап түшүп койбойсузбу дешкен болчу", - деди ырчы.
Эске сала кетсек, эл артисти Султан Каримов кант диабети менен жабыркап келет.