Сириянын президенти Башар Асад кийинки мөөнөткө өз талапкерлигин көрсөттү. Өлкөдө 26-майда президенттик шайлоо өтөт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ал президенттик шайлоого катышкан алтынчы талапкер болду.
"Талапкерлерди каттоо 19-апрелде башталды. Азырынча президенттик шайлоого катышуу үчүн алты адам арыз берди, арасында Сириянын тарыхында биринчи жолу катталган аял талапкер да бар", - деп жазылат маалыматта.
Белгилей кетсек, Башар Асад Сирияны 2000-жылы атасы Хафиз Асад каза болгондон бери башкарып келет. Ал 2014-жылы өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Өлкөнүн Конституциясына ылайык, Асад дагы бир жолу 7 жылдык мөөнөткө шайлана алат.