UFC: Конор Макгрегор Дастин Порье менен боло турган үчүнчү беттеши тууралуу: "Бул оңой эле"

UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор америкалык мушкер Дастин Порьени алдыда боло турган үчүнчү беттешинде оңой эле жеңип аларына ишенет. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

"Бул беттеш оңой эле болот. Билет сатуу боюнча рекорддор кайрадан жаңыланат", - деп жазды ал.

Бул эки мушкер эки жолу беттешкен. Биринчи беттеши 2014-жылы өтүп, анда Макгрегор жеңишке жеткен. Экинчиси ушул жылдын 24-январында UFC 257 турниринин алкагында өтүп, анда Конор Макгрегор Дастин Порьеге беттештин экинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен утулуп калган. Үчүнчү беттеш ушул жылдын 10-июлуна белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан