Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда кар көчкү түштү. Учурда жабылып калган унаа жолду тазалоо иштери жүргүзүлүп жатканын ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Кар көчкү бүгүн, 22-апрелде саат 15:30 чамасында Барскоон-Ак-Шыйрак унаа жолунун 40-чакырымында түштү. Анын кесепетинен унаа жол учурда жабылды.
"Жерине тазалоо иш-чараларын жүргүзүү үчүн “Кумтөр Голд Компани” ишканасынан 1 жүктөгүч, 1 грейдер, Барскоон айыл аймагынан 1 жүктөгүч тартылды. Мындан тышкары саат 15:00 чамасында Каракол-Эңилчек унаа жолунун 48-чакырымында болжол менен көлөмү 40 миң метр куб кар көчкү түшкөн. Унаа жол учурда жабык. Жерине тазалоо иштерин жүргүзүү үчүн 1 жүктөгүч тартылды", - дешти мекемеден.
Автор: Бактыгүл МомбековаФото: ӨКМнын басма сөз кызматы