Үй-бүлө бул коомдун күзгүсү. Анын бекем жана бакубат болуусу эки адамдан тең көз каранды. Биздин "Өмүрлөшүм" аттуу рубрикабыздын коногу белгилүү төкмө акын Идрис Айитбаев жана жубайы Гүлбара Раимбердиева болуп, кызыктуу маек куруп беришти.
"Коом үчүн идеалдуу үй-бүлө эмеспиз, болууга аракет кылып жаткан жаш жубайларбыз" деген конокторум үй-бүлөдөгү баалуулуктар, бала тарбиясы, келин менен кайнененин мамилеси тууралуу кеңири ой бөлүштү.