Интернет аркылуу таанылган Байзак Кубанычбек уулу менен Кенже Көбөкованын дуэти "Супер хитке" кошулду

SUPER.KG порталынын "Медиа-портал" бөлүмүндөгү "Супер хит" долбоору кыргыз эстрада ырчыларынын видеоклиптерин колдонуучулардын сынына коёт. Сынактын шарты боюнча колдонуучулардын добушу аркылуу 10 клип электен өтүп, ар аптанын жеңүүчүсү аныкталат.

Аптанын бейшемби күнү добуш берүү токтотулуп, кайсы видеокомпозиция канчанчы орунда экендиги жарыяланат. Эң аз добуш алган клип "Супер хиттен" четтетилип, анын ордун жаңы ыр толуктайт.

Бул аптада эң аз добушка ээ болгон чыгарманын ордуна Кенже Көбөкова менен Байзак Кубанычбек уулунун "Эне-бала" аталышындагы клиби кошулду. Байзак дасторкон четинде ырдап интернет жылдызына айланган. Жаш талантка колдоо көрсөтүп жатканын айткан Кенже Көбөкова Байзактын эл сүйүп угуп жаткан үнү сакталып калсын деп ыр жаздырганын билдирген.

15-АПРЕЛДЕН 22-АПРЕЛГЕ ЧЕЙИНКИ ДОБУШ БЕРҮҮНҮН ЖЫЙЫНТЫГЫ:

10-орун - Чолпон Талипбектин "Сүйөм дедиң" ыры эң аз добуш топтоду.

9-орун - Айя Садырованын "Суктанам" композициясына буюрду.

8-орунга - Айгерим Расул кызынын "Роза" видеоклиби жайгашты.

7-орунду - Мирбек Атабековдун "Сүрдөтпөчү" чыгармасы ээледи.

6-орунду - Темир Назаровдун "Ойно, ойно" видеокомпозициясы ээледи.

5-орунга - Кубаныч Баркалбасовдун "Атанын кадырын билеличи" ыры жайгашты.

4-орунду - Айганыш Абдиеванын "Жүрөгүңүздө ким бар?" клиби камсыздады.

3-орун - Эрлан Андашевдин "Ыйлаба" видеокомпозициясы алдыңкы үчтүктөн орун алды.

2-орунду - Нурмат Садыровдун "Сүйгөн жүрөк" клиби ээледи.

1-орун - Сагын Эргешовдун "Жүрөгүмө жашап алдыңбы" чыгармасы эң көп добушка ээ болуп, жеңүүчү аталды.

Сүйүктүү чыгармаңызга добуш берүү үчүн шилтеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан