Өзүн "кыргыздын деми" атаган Гүлзат Мамытбек бир канча убакыттан бери коомчулуктан оолак болуп кетти.
Пандемия башталганда Орусияда жүргөн ырчыга "алдамчылык" беренеси боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тергөө иштери жүргүзүлүп жатканы маалым болгон. Ал бул иштин артында мурдагы жолдошу Талант Курманкулов турарын айткан.
Гүлзат Мамытбек менен мурдагы жолдошу балдарды камкордугуна алып калуу үчүн соттошуп, чечим ырчынын пайдасына чечилген. Бирок балдар азыркы тапта атасы менен жашап жатканы Талант Курманкулов тарабынан белгилүү болду.
Айтымында, Гүлзат Мамытбектин кайсы жакта жүргөнү белгисиз.
"Чүй облустук соту ишти карап чыгып, Гүлзат көптөн бери балдар менен болмок түгүл "алдамчылык" беренесинин негизинде издөөдө жүргөндүгүн эске алып, балдарды мага өткөрүп берүү чечимин чыгарган. Соттун чечими күчүнө кире электе Гүлзаттын туугандары балдарды мага өздөрү беришти. Өткөн жылдын октябрь айынан баштап балдар мени менен жашап жатат. Облустук сот Сокулук райондук сотунун чечимин жокко чыгарган", - деди ал.
Гүлзат Мамытбек менен Талант Курманкулов расмий түрдө 2016-жылы ажырашкан. Алардын ортосунда үч баласы бар. Улуусу Талант мырза менен, экөө ырчы айым менен калган.