Москвада 58 жаштагы аялды тоноду деп шектелген Кыргызстандын үч жараны күнөөлөрүн мойнуна алышты. Бул тууралуу 18-октябрда орусиялык ММКга жарыяланган. 18-октябрга караган түнү Суздальск көчөсүндөгү №18 үйдүн жанында белгисиз адамдар 58 жаштагы аялды сабап, зордуктаган соң эки уюлдук телефон жана акчасын уурдап качып кетишкен. Кармалгандар сурак берип, кылмышты мойнуна алышкан. Текшерүү учурунда уурдалган 2 уюлдук телефон жана акча табылган. Иликтөөлөрдө кармалгандардын Москвадагы башка кылмыштарга катыштыгы текшерилет. Учурда "күч колдонуп зордуктоо" жана "уурулук" беренелерине ылайык кылмыш иши козголду.