Мамлекеттик бажы кызматы баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү бөлүмү ушул жылдын 1-кварталына карата ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгын чыгарды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Ага ылайык, 2021-жылдын 1-кварталында баңги кылмышынын 30 фактысы аныкталды. Анын жүрүшүндө мыйзамсыз жүгүртүүдөн төмөнкү баңгизаттар алынды:
- марихуана 48 килограмм 304 грамм 89 миллиграмм;
- гашиш 45 килограмм 833 грамм 25 миллиграмм;
- апийим 2 грамм 91 миллиграмм;
- психотроптук каражаттар 450 грамм.
"Былтыркы жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчтөргө салыштырмалуу баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртү 57,9 пайызга көбөйгөн. Өткөн жылы баңги кылмышынын 19 фактысы аныкталса, 2021-жылдын 1-кварталында баңги кылмышынын 30 фактысы аныкталды, бул өткөн жылга салыштырмалуу 11 фактыга көп", - деп жазылат билдирүүдө.