UFC 261: "Атаандаш оңой эмес". Валентина Шевченконун эки күндөн кийин беттеше турган атаандашы ким? Кандай ийгиликтерди багынткан?

25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарындагы "VyStar Veterans Memorial Arena" спорттук аренасында UFC 261 турнири өтөт. Бул турнирде белгилүү кыргыз мушкери Валентина Шевченко бразилиялык Жессика Андрадеге каршы 5-ирет чемпиондук наамын коргойт.

Атаандашы ким?

Жессика Андраде 1991-жылы 25-сентябрда Бразилиянын Парана штатындагы Умуарама шаарында төрөлгөн. Ал агасы Фернандо менен жаш кезинде Бразилияда өспүрүмдөргө иштөөгө тыюу салынганына карабай, ата-энесине жардам берүү максатында балык чарбасында иштеген. Андан кийин дарыканаларга дары жеткирип иштеген. Ошол эле учурда ал футбол менен алектенип, профессионал футболчу болууну каалаган. Ага Сан-Паулудагы клубдардын биринин көзү түшкөн жана ата-энеси аны Сан-Паулуга жиберүүдөн баш тарткан. Окуучу кезинде ал дзюдо, жиу-житсу менен машыккан.

Кандай ийгиликтерди багынткан?

UFC уюму менен келишим түзгөнгө чейин Андраде ММА уюмунда жалпы 11 беттеш өткөрүп, анын 9унда жеңүүчү аталса, 2 ирет жеңилген. UFC уюмунда эң алгач 2013-жылы дебют жасап, анда америкалык мушкер Лиз Кармушка техникалык нокаут менен жеңилген. Экинчи беттешин ушул эле жылы франциялык Рози Секстон аттуу мушкерге каршы өткөрүп, калыстардын чечими менен жеңишке жеткен.

2019-жылдын 11 майында өткөн UFC 237 турниринде жеңил салмактагы чемпиондук кур үчүн беттеште ал америкалык мушкер Роуз Намаюнас менен кез келип, атаандашынын үстүнөн беттештин экинчи бөлүгүндө нокаут менен жеңишке жетишкен. Бул жеңиши үчүн ал "Кеченин мыкты беттеши" жана чемпиондук наамды алып келген.

Бирок чемпиондук наамын биринчи коргоо турниринде эле чемпиондук наамынан ажыраган. Ал ушул турнирде кытайлык Вейли Чжанга беттештин биринчи бөлүгүндө эле техникалык нокаут менен жеңилип калган.

Андраде карьерасында жалпы 29 беттеш өткөрсө, анын 21инде жеңүүчү аталып (8и нокаут менен), 8 ирет жеңилүү ызасын тарткан.

Валентина Шевченко жөнүндө эмне деди?

Ал MMA Fighting басылмасына алдыдагы боло турган беттеши тууралуу берген маегинде, Валентина Шевченко анын карьерасындагы эң мыкты мушкер экенин айтты.

"Валентина Шевченко - UFC'нин мыктысы. Мен ар дайым октагондо аны менен беттешким келчү. Анткени мен мыктылар менен атаандашкым келет. Мен буга чейин көптөгөн мыкты мушкерлер менен беттешкем, бирок менимче Валентина мыктылардын мыктысы!

Ал сегиз бурчтукта дайыма мыкты беттештерди тартуулап келет. Ал негизи эле UFC уюмунун эң мыкты мушкери", - деген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Asmat84
2021-04-23 15:15:36
Эркекпи же кызбы бул атаандашы
-1
abusait
2021-04-23 15:40:43
Asmat84,Кызга окшош эркек
0
al-abu-kinesz
2021-04-23 17:26:26
abusait, кээ бир жерлери кызга окшош экен ))
-1
Pankration_MMA
2021-04-25 05:55:33
Asmat84, бир эле жери кызга окшобосо, а так эркек элего кургур.
+1
Aibek_eka
2021-04-23 16:05:58
Ийгилик Сары кыз
+2
souza.j
2021-04-25 00:04:41
Валя кудай колдосун.
+2
aerforce
2021-04-25 00:05:56
Буйруса биринчи раунтта эле жанчыйт биздин Валя
+1
Urmat78
2021-04-25 06:15:46
Валентинага эч ким жетпейт дүйнөнү титиретип атат.Чыккандын баары эле үмүт дагы кылбаса керек жеңем деп
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан