Бир айдан ашык убакыт өттү. Аксыда ымыркайын ээн короодогу таштын арасына таштап кеткен "күкүк эне" табыла элек

Буга чейин Аксы районундагы Үч-Коргон айыл аймагына караштуу Кум айылында жаңы төрөлгөн ымыркайдын иттер тиштеген жансыз денеси табылгандыгы боюнча жазганбыз.

Милиция учурда арадан бир ай өтсө дагы наристенин энесин табыша элек. Алар издөө иш-чараларын жүргүзүп жатышканын айтышты.

Андан соң аталган окуя боюнча милиция маалымат таратып, баланын энесин издөө иштери жүрүп жаткандыгын маалымдаган.

Жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси дал ушул сүрөттөгү короодон табылган. Аталган үйдө азыр эч ким жашабайт. Жергиликтүү тургундардын айтымында, үй ээлери март айынын башында эле мал-жандыктары менен жайлоо тарапка көчүп кетишкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан