Апасы Орусияда иштеп жүргөн. Өзгөндө 17 жаштагы кыз "зордукталдым" деп атасын айыптоодо

Буга чейин Ош облусунун Өзгөн районунда өз атасы 17 жаштагы кызын зордуктоого шектелип жатканы маалымдалган. Ал эми кыздын зордукталганы азырынча тактала электигин облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, милицияга Өзгөн районунун Баш-Дөбө айыл аймагына караштуу Кош-Коргон айылынын 45 жаштагы кыздын таежеси арыз менен кайрылган. Арызда 19-апрель түнү болжол менен саат 22:00 чамасында 17 жаштагы кызды өзүнүн үйүндө 45 жаштагы атасы кызынын алсыз абалынан пайдаланып, зордуктап койгондугун жазган.

Аталган арыз Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

"Текшерүүнүн жүрүшүндө өспүрүм кызды Өзгөн райондор аралык социалдык эмгек өнүктүрүү башкармалыгынын үй-бүлө жана балдарды коргоо бөлүмүнүн башкы адиси суракка алган учурда төмөнкүлөрдү билдирген.

19-апрелде болжол менен саат 22:00 чамасында каршылык көрсөткөнүнө карабастан, жыныстык катнашта болгондугун көрсөткөн.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, чиймелер чийилип, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Шектүү өз көрсөтмөсүндө кызынын айткандары чындыкка дал келбейт деп билдирген. Алгачкы соттук-медициналык экспертизанын текшерүүсү боюнча, кыздык белгиси бузулбагандыгы белгилүү болгон. Ошондой болсо да бүдөмүк ойлор пайда болбошу үчүн кошумча кайрадан экспертиза дайындалган.

Учурда биологиялык экспертизанын бүтүмү чыга элек. Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен кандай аракет болгону такталат. Ар тараптуу иликтѳѳ максатында жабырлануучуга жана арыз ээсине карата да соттук-психологиялык экспертиза дайындалган. Жабырлануучу кыздын апасы Орусияда иштеп жатканы белгилүү болду. Тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат", - деп билдиришти Ош ОИИБинин маалымат кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Isikkolumkeremet
2021-04-23 11:42:55
Бычып салгыла оштуктар
0
girlzat
2021-04-23 14:27:27
Isikkolumkeremet,ага ыссык-колдуктордуда бычабыз,айткыла оштуктарга
0
Aibek_eka
2021-04-23 11:53:24
Кыздык белгиси жайында болсо зордуктабагандыр оз кызын
+18
Ozgocho111
2021-04-23 11:53:32
Тооба ,эмне деген ата сорой, бойго жеткен кызды таштап иштеп жургон эне...алдагы ата сорой иштебейби андан коро
+3
Dembele84
2021-04-23 11:58:59
Зордолбоптур,башка нерсенин айынан эле зордуктады деп жалаа жабышы да мумкун
+16
munduz2016
2021-04-23 21:59:23
Жалаага окшоп турат го
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан