Манасчы Дөөлөт Сыдыковдун "Гиннесстин рекорддор китебине" качан кирери боюнча жооп күтүлүп жатат

Манасчы Дөөлөт Сыдыков "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүү аракетин көрүп эч тыным албай, 14 сааттан ашык манас айткандан бери 5 айдан ашык убакыт өттү.

Учурда дүйнөлүк "Гиннесстин рекорддор китебине" качан кирери боюнча жооп күтүлүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына манасчынын жубайы Ырыс Окенова билдирди.

"Бул иш-чаранын батыраак чечилүүсүнө пандемия шарты тоскоол болуп жатат. Лондондо учүнчү толкун болуп бардык ишканалар жабылган, жакында ачылып башташат экен. Учурда англис тилдүү адистер менен бирге иш алып баруудабыз. Жооп күтүп жатабыз", - деп билдирди ал.

Эске салсак, буга чейин 12-ноябрь күнү манасчы Дөөлөт Сыдыков 14 саат 27 мүнөт убакыт бою эч тыным албай, тамчы суу ичпестен манас айтып, "Гиннесстин рекорддор китебине" кирүүгө аракет кылган.

Ошол күнү манасчыны Бишкек шаарынын тургундары күндүн суугуна, кардын жаашына карабастан, жашы-кары дебей колдоп, сүрөөнгө алып турушкан.

Иш-чарада Ырыс Окенова жолдошу бул иш-чарага атайылап деле даярданбаганын, анын жолдошунун жашоодогу башкы максаты "манасчылык миссия" экендигин билдирген.

Арадан туура 14 саат 27 мүнөт өткөндө Дөөлөт Сыдыковдун Манас айтуусун токтотушкан. Манас айтылып бүткөндөн кийин анын абалы туруктуу экендигине жеринде жүргөн "Тез жардам" кызматкерлери баа берген.

Иш-чаранын эртеси манасчы Дөөлөт Сыдыков SUPER.KG порталына маек берип, "мени токтотушпаса, манасты таң атканча деле айта бермекмин" деп билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан