Тик-Ток социалдык тармагынын колдонуучусу жеке баракчасына Жалал-Абад шаарында 4 жоокер чек аранын ордуна "стоянка тазалап" жүргөндүгүн билдирген. "Биз эмнеге салык төлөп, эмнеге буларды багып жүрөбүз? Мага айткылачы жообун” деп сөз сүйлөп, 25 секундалык видео жайгаштырган.
Бул боюнча Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан төмөнкүчө маалымат таратышты.
"Кыргыз Республикасында жоокерлер бир топ багыттарда кызмат өтөшөт жана ар бир бөлүктүн өзүнө бекитилген тапшырмалары бар. Жалал-Абад шаарында Ички иштер министрлигине караштуу Ички аскерлердин №704 аскер бөлүгү жайгашкан. Алардын кызмат кылуудагы негизги багыттарынын бири коомдук тартипти камсыздоо болуп эсептелет. Ал эми чек араны болсо чек ара кызматынын жоокерлери мамлекеттин сырткы душмандарынан коргоп, чек аранын бүтүндүгүн сактоо багытында кызмат өтөшөт.
Учурда Жалал-Абад шаарынын аймагында коомдук тартипти камсыздоо, ар кандай укук бузуулардын алдын алуу максатында “Укук-тартип” профилактикалык иш-чарасы жүргүзүлүп жатат. Ички аскер бөлүгүнүн жоокерлери Жалал-Абад ШИИБдин жана “Шумкар” атайын полкунун кызматкерлери менен биргеликте коюлган тапшырмаларды аткарышууда", - деп жазылат билдирүүдө.