Мотивация берүүчү, детектив, триллер... Кыргыз жылдыздары кандай китепти окууну жактырышат?

Бүгүн, 23-апрелде китептин бүткүл дүйнөлүк күнү белгиленүүдө. Бул күнгө утурлай кыргыздын белгилүү инсандарына "кандай китептерди жактырып окуйсуңар" деген суроо узаттык.

"Акак" комузчулар ансамблинин таланттуу комузчусу Чолпон Мелисбекова ар дайым китеп окууга аракеттенерин айтат.

"Китеп окуу процесси сонун да. Учурда дем берүүчү китептерди көп окуп жатам. Окурмандарга да инсандык өнүгүүгө жетелеген китептерди окууну сунуштайм. Мисалы, Хэл Элроддун "Таңкы кереметтин сыйкыры" аталышындагы китебин сунуштамакмык. Ал китепте мындай сонун сөз бар: "Эгер кечинде өзүңө ыраазы болгон абалда уктайм десең ар таңда чечкиндүүлүк менен ойгон. Эгер жашооңду өзгөрткүң келсе биринчи кезекте мурда жасап көрбөгөн иштер менен алектенүүгө даяр бол!", - деди комузчу.


Белгилүү ырчы Чолпон Талипбек окурмандарды китеп күнү менен куттуктап, китеп окууну абдан жакшы көрөрүн белгиледи.

"Мен адабий китептерди да, илимий чыгармаларды да окуп турам. Ушул тапта Мэттью Уолкердин "Эмне үчүн уктайбыз?" деген китебин окуп жатам. Бул китепте уйку жана түш көрүү тууралуу жазылган. Илимий жанрга кызыккандарга сунуштайм", - дейт ал.


Ырчы Салидинас триллер, детектив жанрындагы китептерди окуганды жактырат.

"Китеп - менин эң керектүү буюмдарымдын бири. Буга чейин америкалык жазуучу Сидни Шелдондун "Таң, күн, түн" аттуу китебин окуп абдан таасирленгем. Ушул жазуучунун "Эч качан кичинекей көйгөйдү чоң көйгөйгө айлантпаңыз, антпесе баары кардай томолонуп чоңоё берет" деген сөзү жагат. Азыркы учурда психологиялык китептерге басым жасап, "Маанилүү жылдар", "Аялзатындай ойлон" аттуу китептерди окуп жатам", - деди ал.

Ал эми Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Кайрат Примбердиев убактысынын тардыгына карабай китеп окууну калтырбоого аракет кылат.

"Дүйнөлүк жазуучулардын илимий-фантастикалык чыгармаларын, кадимки биздин жазуучуларыбыздын романдарын окуганды жакшы көрөм. Бала кезде Төлөгөн Касымбековдун "Сынган кылыч" романын кыргызча окудум эле. Азыр ушул китептин орусча вариантын окуй баштадым. Айша Аль-Хурранын "Эркекче коргой албагандан кийин аялдай болуп ыйлаба" деген сыяктуу цитаталарды китеп окуп жатып жашообузга сиңирип алдык да. Окурмандарга өзүбүздүн эле жазуучулардын чыгармаларын, дүйнөлүк адабияттан америкалык жазуучу Айзек Азимовдун фантастикалык китептерин окуусун сунуштайм", - деди ырчы.

Ошондой эле жаштар арасында китепке болгон кызыгуунун жогорулаганын байкоого болот. Алардын арасында Кыргыз өлкөсүндө эң биринчилерден болуп ооруканага китепкана ачкан Төлөнбай Таалайбеков бар. Ал мотивациялык китептерден көрө, чоң-чоң адабий китептерди окууну сунуштайт.

"Билим алуунун негизги булагы - китеп окуу. Ал өсүп-өнүгүү үчүн абдан маанилүү. Бир учурда эки-үч китеп окуйм. Азыр дүйнөлүк адабияттардан "Окуучу кыз" деген китепти окуп жатам. Ошондой эле биздин жазуучулардан Шайлообек Дүйшеев, Самсак Станалиев, Жантөшөв, Айтматовду окуш керек. Учурда адамдардын көбү мотивациялык китептерди окуп жатпайбы. Кыргыз адабиятынын дөө-шааларын окусак, ошолор чыныгы мотивация болмок. Мисалы, ал жактан "илимдин падышасы болом десең, окуунун кулу болуп жаша", "кара баш кайда калбасын, калкыңдын көздө пайдасын, көпчүлүк үчүн мээнет кыл, көздөбөй жандын айласын", "унчукпастан аракет кыл, ийгилигиң ызы-чуу жаратсын" деген жана башка таасирдүү сөздөрдү табууга болот", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
zhazgul98
2021-04-24 18:43:25
Китептерде башка адамдардын тажрыйбасы жана билими, көптөгөн идеялар, ыкмалар, стратегиялар камтылган. Китеп дүйнө таанымды калыптандырат - кызыктуу адабий китептерди окусаң, адамдын бара-бара дүйнө таанымын калыптандырат, дүйнөгө болгон көз карашын, ишенимин кеңейтет жана тереңдетет. Китептер ой жүгүртүүнү өрчүтөт, элестетүүнү, ой жүгүртүү жөндөмүн өрчүтөт. Китептерди окуп, сиз каалаган баатырлардын же чыныгы адамдардын образында өзүңүздүн идеалдуу образыңызды таба аласыз.
0
zhazgul98
2021-04-24 18:45:55
Психологический триллер жанрдагы китептер жана фильмдер кызыктуу. Жогорудагы кыздарынын сулуу келбетине соз жок.
-1
Deimon1990
2021-04-24 20:00:04
zhazgul98,
Бул жерде келбеттин эмне тиешеси бар.Саясат темасы болсо дагы келбетин дене мучосун кошуп кетесин.Сени бир коруш керек экен келбетин,дене мучонду кандай экенин.
+1
zhazgul98
2021-04-24 20:47:38
Deimon1990,
Сулуу кыздар бул дүйнөнү сөзсүз түрдө кооздоп, жакшырта алат. Ошону билип журуш керек.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан