Кечээ, 22-апрелде Баткен облусунун аймагында мамлекеттик чек арадан сейрек кездешүүчү жаныбарлардын мыйзамсыз алынып өтүшүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Кадамжай районунун Жаңы-Жер жергесинде чек ара кызматкерлери мамлекеттик чек ара сызыгынын жанынан 1972-жылы туулган Кыргыз жаранга тиешелүү Тойота-Превия унаасын токтотушкан.
"Унааны текшерүү учурунда беш баш асыл маралды табышкан. Маралдардын жашы 1 жаштан 4 жашка чейин болгон, төрт жаныбардын мүйүздөрү жулунганы аныкталган.
Жагдайды аныктоо максатында унаанын айдоочусу жана анын өзбекстандык жүргүнчүсү кармалган. Сурамжылоо учурунда жаныбарларды Өзбекстанга өткөрө тургандыктары аныкталган. Айдоочуда болсо маралдарга тиешелүү болгон эч кандай документтер болгон эмес. Учурда беш баш маралдын баасы канча тураары такталууда.
Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалгандар жана жаныбарлар андан аркы териштирүү иштердин жүргүзүлүшү үчүн тиешелүү органдарга өткөрүп берилди", - деп билдиришти чек ара кызматынан.