"Бишкек паркта" жардыргыч зат бар деген аял кармалды

УКМКнын кызматкерлери тарабынан "Бишкек парк"  соода-комплексинде жардыргыч зат бар деп телефон чалган аял кармалды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти. Анда Бишкек шаарында жашап жаткан 1969-жылы туулган Н.Т.Конокбаева экени белгилүү болгон. Соода борборунда жолдошу көптөн бери айлык алалбай келгенине ызаланган аял аталган кадамга барганын түшүндүргөн. Азыркы тапта Кылмыш-жаза кодексинин 228 "террорчулук боюнча жалган маалыматты таратуу" беренесине ылайык кылмыш иши козголуп, иликтөөлөр жүрүп жатат. 
Эске салсак, 17-октябрь күнү саат 16:10 белгисиз  номерден "Бишкек парк" соода борборунда жардыргыч зат коюлганы боюнча чалуу түшкөн. Текшерүүдө жардыргыч зат табылган эмес.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Azamatnur
2013-10-19 09:04:23
Шорун каткыр жаман бопты
0
azamat.k
2013-10-19 09:09:36
Эми сени артына бомба коюп жарып жибербесе болгону.
-2
Beka_89_kg
2013-10-19 11:07:35
анан не кылсын байкуш милицияга арызданса бизде закон жок,айлыгын алалбай айласы кеткенде ушул ишке бардыда
+5
Lumia-800
2013-10-19 11:31:16
Azamat.k эмне анча суйлойсун?Жыргап зериккенинен кылган жокта,же жаман аялдарга окшоп турабы байкуш эже?
Милициясы,соту дароо соттогонго киришпей байкуштардын маянасын алып берип койсо болмок.
Албетте ал базардын начальнигине караганда булар алсызда. А бизде алсызсынбы соттолуп кетебересин эмеспи.....
+2
jazy
2013-10-19 16:33:45
Lumia-800, туура айтасын бизде акчан болсо адамсын оозу мурду кыйшык болсо да байдын уулу суйлосун деген заман
+1
Shai
2013-10-19 12:01:08
Эгер андай болсо озуле бомба коюп жардырып салбайбы ал базарды. Антип чуу которбой. Барып директоруна кирип тополончу аялдарга окшоп туратко.
0
J_n_a
2013-10-19 15:32:06
уят эле...
0
Jikos
2013-10-21 09:47:58
Мумкун мас абалындадыр , атын чыкпаса жер ортто болду да, бут каналдарда айтылып жатты эле кабар
0
admin_superstan
2013-10-21 11:33:08
upol92, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө жол берилбейт.
Эскертүү!
0
tabyshmak
2013-10-21 15:47:17
Кандайдыр бир кызыкчылыкты коздоп, бул аялга жардыргыч зат тууралу жалган маалыматты таратууну акчаны сунуштоо менен же коркутуу менен башка бироо мажбур кылгандыр...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан