Кечээ, 22-апрель күнү Чүй облусунун Панфилов районунда күйөөсү аялын тирүүлөй көмүп салган. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар билдиришти.
Маалыматка ылайык, саат 18:00 чамасында Панфилов районуна караштуу Кумарык айылынын тургуну аялын сабап, тирүүлөй аңга көмүп салган.
"Чоңоюп калган баласы көрүп калып кошуналарына айтып, тегеректеги эл чогулуп жерди кайра казып, аялды тирүү алып чыгышкан. Бул боюнча жергиликтүү тургундар милицияга билдиришкен. Милиция окуя болгон жерге келип, зөөкүрдү кармап кеткен. Бирок эки сааттан кийин кайра коё берген. Эми аялын өлтүрөм деп кууп жүрөт дешүүдө", - деп билдиришти алар.
Буга байланыштуу Чүй ОИИББине байланышканыбызда төмөнкүлөрдү билдиришти.
"22-апрель күнү Панфилов РИИБине 24 жаштагы жергиликтүү тургун кошунасы аялын көмүп салганын билдирген. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 35 жаштагы күйөөсү мас абалында үйүнө келип, 33 жаштагы аялын кызганычтан улам сабап, андан кийин үйдүн артына алып барып аңга түртүп, белине чейин көмүп салган. Бул окуяны көргөн кошуналары жардам берип, аялды бошотушкан.
Сурак учурунда күйөөсү кылган ишин моюнга алып, кызганычтын айынан аялын ушундай жол менен коркуткусу келгенин айткан. Бардык зарыл болгон экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланып жатат", - деп билдиришти облустук милициянын маалымат кызматынан.