2 тонна мандарин, 400 килограмм жез. Баткенде чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүктөргө бөгөт коюлду

22-23-апрель күндөрү Баткен облусунда мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өткөрүлүп жаткан жүктөргө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Лейлек районуна караштуу Жаңы-Жер айылынан чек ара кызматкерлери Фольксваген ЛТ 46 үлгүсүндөгү унааны текшерүү үчүн токтотушкан.

"Текшерүүдө унаанын айдоочусу 1994-жылы туулган Кыргыз жараны экендиги такталган. Унаага кароо жүргүзүү учурунда тийиштүү документтери жок 2 тонна мандарин бар экендиги аныкталган. Жемиштер Тажикстандан Кыргыз өлкөсүнө алынып келе жаткан.

Мындан сырткары Кадамжай районунда Хюндай Портер унаасын текшерүүдө 1997-жылы туулган Кыргыз жараны Өзбекстанга мыйзамсыз жүк алып бара жатканы белгилүү болгон. Ал 400 килограмм жез алып бара жаткан. Протоколдор толтурулуп, жогорудагы кармалган жарандар менен жүктөр тиешелүү органдарга өткөрүлүп берилген", - деп жазылат билдирүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан