Криштиану Роналду "Манчестер Юнайтед" клубуна кайтышы мүмкүн

Футболчу Криштиану Роналду "Манчестер Юнайтед" клубуна өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, "Ювентус" клубу Роналдуну "Юнайтеддин" оюнчусу Поль Погбага алмашуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

"Роналду "Манчестер Юнайтедге" өтүү үчүн айлык маянасынын азайышына дагы макул. "Юнайтеддин" өкүлдөрү анын агенти Жорже Мендеш менен тыгыз байланышта. Эгерде Погба менен алмашуу жолу ишке ашпай калса, англиялык клуб Роналдуну сатып алууга каражат бөлүүгө даяр", - деп жазылат маалыматта.

36 жаштагы чабуулчу "Манчестер Юнайтеддин" курамында 2000-жылдан 2009-жылга чейин ойногон. 2009-жылы "Реал Мадриддин" катарына кошулган Роналду 2018-жылдан бери "Ювентус" клубунда ойноп келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Pankration_MMA
2021-04-24 15:53:20
Юведе оюну жүрүшпөй, эми мюга кайтат экенда байкуш.
-1
Dembele84
2021-04-24 21:10:11
Ал жака барса деле кыйратпайт.Уже пенсияга кетейин деп калды.Результат азайса азаят но кобойбойт
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан