Борбордук Азиядагы Америка университетинин президенти тергөө кызматына сурак берүүдө

Бишкектеги Борбордук Азиядагы Америка университетинин президенти Эндрю Качинс сурак берүүдө. Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, окуу жайдын президенти буга чейин катталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча суракка чакыртылган.

Маалым болгондой, сотко чейинки өндүрүш боюнча маалымат Жазык-процесстик кодексинин 160-беренесине ылайык ачыкка чыгарылбайт.

Эндрю Качинс окуу жайга президент болуп дайындалганга чейин Жорждаун дипломатиялык кызматынын Евразия, Орусия жана Чыгыш Европаны изилдөө борборунун улук илимий кызматкери жана изилдөөчү профессору болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан