Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасы аркылуу дин жана аймактар аралык кастыкты козуткан делинип философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева камакка алынган. Бүгүн, 23-апрелде ал үй камагына чыкканын жактоочу Замир Жоошев тастыктады.
Жактоочунун айтымында, Гүлзат Аалиева 21-июнга чейин үй камагында болот.
"Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Гүлзат Аалиева үй камагына чыкты. Сот ага кечки саат 22:00дөн эртең мененки саат 06:00гө чейин үйдөн чыгууга жана шаар аймагынан тышкары чыгууга тыюу салды. Ошондой эле социалдык тармакты колдонууга болбойт", - деди ал.
Эске салсак, Биринчи Май РИИБине ушул жылдын 19-февралында Д.У. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Арыз ээси "Фейсбук социалдык тармагы аркылуу дин жана аймактар аралык кастыкты козуткан Гүлзат Аалиева аттуу жаранга чара көрүүнү суранам" деп жазган. 2 күндөн кийин философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева камакка алынган.