Баткен облусунда 17-октябрда Эл аралык элеттик аялдар күнүнө карата «Элеттик эмгекчил аялдардын ийгилиги – коомдун ийгиликтүү өнүгүүсү» аттуу биринчи республикалык конференция болуп өттү. Өкмөт өкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн конференциянын алкагында кол өнөрчүлөрдүн эмгектери көргөзмөгө коюлду. Иш-чарага Баткен облусунан сырткары Ош жана Жалал-Абад облустарынан кол өнөрчүлөр катышты.