
АКШлык миллиардер, Tesla жана SpaceX компанияларынын негиздөөчүсү
Илон Маск 2021-жылы кайрымдуулукка 150 миллион доллар которгон. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, 2021-жылдын алгачкы төрт айында Маск 150 миллион долларга жакын каражатты кайрымдуулукка жумшаган. Илон Масктын эң чоң кайрымдуулук жардамы 100 миллион доллар болгон, аны ишкер көмүр кычкыл газын кармоонун мыкты технологиясын ойлоп табуу үчүн убада кылган.