Леонардо Ди Каприо комедия жанрындагы тасмада башкы ролду жаратат. Ал сценарийин 5 ай бою изилдеп чыгып, анан макулдугун берген

Голливуд актёру Леонардо Ди Каприо комедия жанрындагы тасмага башкы ролго тартылууга макул болордон мурун, 5 ай бою комедиянын сценарийин изилдеп чыккан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Леонардо Ди Каприо беш ай бою 2021-жылы жарыкка чыга турган тасманын сценарийин иликтеп, тактап чыккан. Комедиянын режиссёру жана сценаристи Ди Каприонун өз тасмасында башкы ролду ойноону каалай турганына ишенген эмес. Бирок актёр сценарийди аябай жактырып, төрт-беш айга чейин изилдеп, жаңы идеяларды сунуш кылган.
"Карантинге байланыштуу бизди үзгүлтүккө учуратты, бирок биз бул тасманы тартуунун коопсуз жолун тапсак, тартуу иштерин баштайбыз. Ал актёрлор курамына кирди. Мен ишене алган жокмун", - деген режиссёр Адам Маккей.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан