АКШнын борбору Вашингтонго штат макамы берилиши мүмкүн

АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасы Вашингтонго штат статусун берүү демилгесин колдоп добуш беришти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, демократтар демилгелеген тиешелүү мыйзам долбоору АКШнын сенаты тарабынан жактырылып, андан кийин президент тарабынан кол коюлса, Вашингтон АКШнын 51-штатына айланып, расмий түрдө "Вашингтон, Дуглас шериктештиги" деп аталат. "Шериктештик" термини учурда расмий түрдө 4 штаттын (Виргиния, Кентукки, Массачусетс жана Пенсильвания) аталышына кошулууда.

Вашингтондун статусун өзгөртүү сунушуна конгресстин өкүлдөр палатасынын 216 мүчөсү макул болгон. 208 мүчөсү каршы добуш беришкен. Аталган мыйзам долбоору сенатка жөнөтүлгөнү айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан