Баткен облусунун Лейлек районунан коңшу Тажикстанга 35 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришти.
"Ак-Босого аймагынан 1994-жылы төрөлгөн А.Т. аттуу жарандын башкаруусундагы DAF үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа (күйүүчү май ташуучу унаа) кармалган. Аталган жаран Кыргыз өлкөсүнөн Тажикстанга 35 тонна күйүүчү майды мыйзамсыз ташууну көздөгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча, күйүүчү-майлоочу майдын баасы 1 миллион 550 миң сомдон ашык сумманы түздү", - деп билдиришти УКМКдан.
Кармалган жаран жана күйүүчү-майлоочу материалдар кошумча иликтөө үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүп берилген.