Бишкекте жасалма номер менен жүргөн Toyota Highlander унаасынын айдоочусу кармалды

Бишкекте жасалма номер менен жүргөн жол тандабас кармалды. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

"23-апрелде милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, болжол менен саат 17:30 чамасында Горький жана Элебаев көчөлөрүнүн кесилишинен жол эрежесин бузган Toyota Highlander үлгүсүндөгү автоунааны токтотушкан.

Кайгуул кызматкерлери автоунаанын документтерин текшерүү учурунда 1972-жылы туулган С.Т. аттуу айдоочу өзүнүн автоунаасынын мамлекеттик номерин жасалма номерге алмаштырып айдап жүргөндүгү аныкталган", - деп жазылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып короо жайына токтотулуп, ал эми айдоочусу Биринчи Май райондук ИИБинин тергөө кызматына жеткирилип, Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Кыргыз Республикасынын жоруктар жөнүндө кодексинин 173-берененин ("транспорт каражаттын идентификациялык номерин жасалмалоо же жок кылуу") негизинде сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Chungyz
2021-04-24 21:11:47
Жаны машинага эски ном билинип калыптыр кичине окшоштуруса журо бермек
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан