Бүгүн, 24-апрелде Ош облусунун Өзгөн районундагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жанынан 50 гектар жердин Өзбекстанга берилишине нааразыбыз дегендер кайрадан митинг өткөрүшүүдө.
"Биз аягына чейин турабыз. Орозонун күнүндө айласыздан бийликке кайрылып жатабыз. Бул жер биз үчүн өтө ыйык. Кемпир-Абадды берип, жерди чечебиз деген өтө коркоктук. Бул жер эч качан Өзбекстанга берилбейт. 28-апрель күнү Камчыбек Ташиевди ушул жерден күтөбүз", - деди митингдин катышуучусу.
Митингге болжол менен 100дөй адам катышууда.
Жергиликтүү тургундар нааразычылыгын буга чейин дагы билдиришкен. Алар УКМКнын башчысы, өзбек-кыргыз сүйлөшүүлөрү боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылуу жасап, Өзбекстан менен жер алмашуу протоколу жокко чыгарылышын талап кылып, митинг өткөрүшкөн.
Кийинчерээк УКМКнын башчысы Кемпир-Абадга барып, митингчилер менен жолугушкан.