Бүгүн, 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнири өтүп жатат жана бул турнирде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андрадеге каршы бешинчи ирет чемпиондук наамын коргойт.
Турнир коронавирус пандемиясы башталгандан бери биринчи жолу көрүүчүлөр менен өтүүдө. Турнирдин алып баруучулары спорттук аренада болжол менен 15 миңге чукул адам бар экендигин айтышты. Бишкек убактысы боюнча саат 08:00гө карата турнирдин негизги карддагы беттештери башталды.
Бир нече мүнөттөрдөн соң Валентина Шевченконуну беттешин SUPER.KG порталынан онлайн окуй аласыздар.