Бүгүн, 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнири өтүп жатат жана бул турнирде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андрадеге каршы бешинчи ирет чемпиондук наамын коргойт.
Валентина Шевченко турнир өтүп жаткан "VyStar Veterans Memorial Arena" спорттук аренасына келди. Аны коштоп машыктыруучусу Павел Федотов жана бир тууган эжеси Антонина Шевченко келди.
Бир нече мүнөттөрдөн соң Валентина Шевченконун беттешин SUPER.KG порталынан онлайн окуй аласыздар.
2020-жылдын 22-ноябрында АКШнын Лас-Вегас шаарында өткөн "UFC 255" турниринде Валентина Шевченко бразилиялык Женнифер Майяны утуп, чемпиондук курун төртүнчү ирет коргоп калган. Ал эми Жессика Андраде октябрь айында америкалык мушкер Кэтлин Чукагяндын үстүнөн техникалык нокаут менен жеңишке жеткен.