Бүгүн, 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнири өтүүдө жана бул турнирде UFC уюмунун чемпиону Валентина Шевченко бразилиялык мушкер Жессика Андрадеге каршы бешинчи ирет чемпиондук наамын коргоду.
Шевченко атаандашынын үстүнөн беттештин экинчи бөлүгүндө техникалык нокаут менен жеңишке жетти. Ал атаандашынын үстүнө чыгып, укмуштуудай жана өтө тез соккуларын узатканда калыс беттешти токтотту.
Беттештен кийин Валентина Шевченко салтка айланып калган "Лезгинка" бийин бийлеп берди. Ал учурда күйөрмандар Шевченкону укмуштуудай колдоп жатышты.
Эскерте кетсек, Валентина Шевченко муну менен чемпиондук наамын бешинчи ирет коргоп калды.