Бүгүн, 25-апрелде АКШнын Жексонвилл шаарында UFC 261 турнири өтүүдө.
Турнирдеги кыз-келиндердин негизги беттешинде жеңил салмактагы UFC чемпиону болгон кытайлык Вэйли Чжан бир топ активдүү болуп жатканына карабастан, америкалык мушкер Роуз Намаюнаска күтүүсүздөн укмуштуудай нокаут менен жеңилип калды.
Роуз Намаюнас беттештин биринчи бөлүгүндө эле кытайлык атаандашынын бетине буту менен таамай сокку узатып, Чжанды нокаутка учуратты. Калыс беттешти дароо токтоткон соң Чжан нааразычылыгын билдирди.
Муну менен Вэйли Чжан карьерасындагы экинчи жеңилүү ызасын тартса, Намаюнас 11-жеңишине жетти.