"Ишенбей турган болсоңор, мен силерге көрсөтөм!". Рамзан Кадыровдун уулу талаштуу жеңиши боюнча үн катты

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 13 жаштагы уулу Адам Кадыров Грозный шаарында өткөн бокс боюнча мелдеште талаштуу жеңишке жетишкендиги боюнча үн катты. Ал жеңишке таза жеткенин орусиялык басылмалардын бирине берген маегинде айткан.

"Беттештин биринчи жана экинчи бөлүгүн жакшылап карап, талдап, үчүнчүсүндө чабуул жасагым келген. Бирок калыстар беттешти токтотуп коюшту. Мен буга ыраазы эмесмин. Ким беттештин таза болгондугуна шектенсе, коюумуңарды (ставка) койгула! Мен силерге көрсөтөм!", - деген ал.

"Легендарлар убактысы 6: Атайын операция" деп аталган бокс боюнча мелдеште Адам Кадыров Аслан Баттиров аттуу мушкер менен кез келген. Беттештин экинчи бөлүгүндө жаш мушкерлер беттешип жаткан учурда калыс күтүлбөгөн жерден беттешти токтотуп, Адам Кадыровдун атаандашына 10 секунддук эсептөөнү баштаган. Бирок мушкерлердин бири дагы нокдаунга учураган эмес.

Көп өтпөй калыс Адам Кадыровго техникалык нокаут менен жеңишти ыйгарган.

Адам Кадыровдун бул жеңиши интернет колдонуучулар тарабынан кызуу талкууга алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (9)
nurik73
2021-04-25 12:51:16
Дастан Шаршеевдин женишин Калининге ыйгарып койушкандан кийин россиялык калыстарга ишениш кыйын болуп калды
+9
Pankration_MMA
2021-04-25 13:18:26
Мусулман теерисин жамынган, заалым, мунафык путиндин Чөөлөрү булар!!!
+2
amirrus
2021-04-25 13:25:38
Пахтакор калыс уялбай кантип журот болду экен
+9
zhazgul98
2021-04-25 13:37:49
Чечендер негизинен урушканды-талашканды жакшы көрүшөт. Талашканды жактырган Рамзан Кадыров менен талашуунун кереги жок.
+10
karabet
2021-04-25 15:27:49
бул томпок вини пух спортсмен деле эмес, спортсмен ушундай былчык болмок беле. бул тамакты ыткыйта жеген эле чочко го. Спортто салмак алуу мумкун эмес, адам чырмыйат спортто
+6
aslonur
2021-04-25 18:28:10
karabet,тууганым чочко деп кемсинтип күнөөгө батып калбан, ал жаш бала болгону 13 жашта 5-6жылда сиз айткандай болуп калат, мен таламын талашпайм бирок али бөбөк экенин да унутпайлы
+6
bond02
2021-04-25 23:25:31
Боксун корзонор Рамзандын баласынын перчаткиси кичине ал эми атаандашынын перчаткиси чон.
0
sabirdinovich
2021-04-26 05:51:48
Че за ставка, че за приемы
0
Dembele84
2021-04-26 10:08:34
Фальшивый жеништин даамы жок.Атасы авторитет болсо эле судьялар котунор тушуп калдыбы
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан