Армениянын премьер-министри Никол Пашинян отставкага кетти

Армениянын премьер-министри Никол Пашинян өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жарыялаган элге кайрылуусунда ал кызматтан кеткенин жарыялады.

"Бүгүн мен конституциялык жоболорду ишке ашыруу жана парламентти таркатуу үчүн кызматтан кетем", - деп жазган ал.

Президент анын отставкасын кабыл алды. Пашинян 20-июнда боло турган кезексиз парламенттик шайлоого чейин ал өкмөттүн убактылуу башчысы болот. Шайлоого ал "Гражданский договор" партиясы менен катышат.

Армениянын Конституциясынын 158-беренесинде өкмөт кызматтан кетүү жөнүндө арызын премьер-министр менен биргеликте бир күндө президентке тапшырат. Министрлер кабинети жаңы түзүлгөнгө чейин мурдагы өкмөт кызматын улантат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Dembele84
2021-04-26 10:00:10
Популист болуп кыйратам деп келди эле бийликке,пок келбеди го
0
okumushtuu
2021-04-26 12:04:29
Dembele84,озун эчтекени билейт окшойсун озу эчнерсе билбеген тшунбогоднор корбойт дагы. Пашинян иш баштаганда эле Ереванды 20 жылдан ашык башкарган мэрди иштен алды бул реформа. Еревандын телекорсотуусун элдик кылып, куйуучу майга бааны турукташтырды. Бир канча Европа мамлекеттери менен без визовой режимге келди.
Мына ушулар менин билгеним. Эмне сага келип эле Нью-Йорк куруп салыш керекпи
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан