Бүгүн, 25-апрелде Бишкек шаарындагы "Газпром" спорттук аренасында футзал боюнча өлкө чемпиондугунун финалдык беттеши болуп өттү.
Финалда "Фарватер" командасы менен "Steelex" командасы кез келип, оюн 3:2 эсебинде "Фарватер" футзал клубунун жеңиши менен аяктады.
Жарым финалда "Steelex" "Мурас" командасы жеңсе, "Фарватер" "BMG int" командасын жеңип финалга чыгышкан.
Үчүнчү орунду "BMG int" командасы "Мурасты" 4:3 эсебинде жеңип камсыздады.