Ошто эл ташыган автобус толугу менен күйүп кетти

Ош шаарында Сулайман-Тоосунун маңдайында эртең мененки саат 10:18де Ош шаардык мэриясынын муниципалдык авто ишканасынын 13-каттамдагы жүргүнчү ташуучу автобусу күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Өрт чыккан жерге ӨКМнын Ош шаары боюнча башкармалыгынын өрт өчүрүү бөлүмчөсү саат 10:20да чыгып, өрт саат 10:26да чектелип, 10:42де толугу менен өчүрүлгөн.
Өрт кырсыгы болгон жерге өрт өчүрүү бөлүмүнөн 6 кызматкер өрттү өчүрүүгө жана куткарууга тартылган. Автобустун болжолдуу 10 чарчы метр арткы жүргүнчүлөр отуруучу жайы жана кыймылдаткыч тарабы күйгөн.
Өрт кырсыгынан жабыркагандар жок. Материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
bessmertiy
2021-04-26 09:51:31
Толугу менен күйбөптүр го
-1
Dastanali
2021-04-26 09:58:42
арткы тарабы эле күйүптүр го өчүрүп калыптыр
-1
Nur-sultan
2021-04-26 11:06:45
Өрт өчүрүүчүлөр эки мүнөттө жетип барышыптыр го э?
0
bessmertiy
2021-04-26 11:20:33
Nur-sultan,өрт өчүрүү бөлүмүнүн жанында күйүптүр да. 100 метр бери жакта өрт өчүрү бөлүмү бар.
+3
Nur-sultan
2021-04-26 11:27:05
bessmertiy,аа, рахмат. Мен ойлопмун ушунчалык тез ыкчам иштеп калышыптыр деп.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан