Америкалык "Жан" анимациялык мультфильми "Мыкты анимациялык тасма" номинациясы боюнча "Оскар" сыйлыгын жеңип алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, бул категорияда сыйлыкка "Айга саякат", "Козу Шон", "Алга" жана "Карышкырлар жөнүндө легенда" мультфильмдери дагы көрсөтүлгөн.
Кыска метраждуу мультфильмдер категориясында "Оскарды" Майкл Говьер жана Уилл МакКормактын "Эгерде бир нерсе болуп кетсе, мен силерди жакшы көрөм" тасмасы жеңип алган. Жаратуучулар эмгегин ок атуучу куралдардан зомбулук көргөн бардык курмандыктарга арнашкан. "Биз мыктыларга татыктуубуз" дешти мультфильмдин жаратуучулары.