Марс планетасында жашоого ыңгайлуу шарттар табылды

Астробиологдор Марстын ичи микробдордун жашоосун кубаттап, аны энергия жана бардык керектүү заттар менен камсыз кыла тургандыгын аныкташты. Бул тууралуу Astrobiology журналына жарыяланган макалага шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, адистер Марстан жерге кулап түшкөн метеориттердин химиялык курамын талдап чыгышкан. Көрсө, бул тектер эгерде алар суу менен дайыма байланышта болушса, микроорганизмдердин жашоо тиричилиги үчүн маанилүү кошумча өнүмдөрдү чыгара алышат. Маалыматтар кызыл планетанын ички бөлүгүнүн көпчүлүгү тирүү жандыктарга ылайыктуу деп болжолдойт.

Мүмкүн болгон реакциялардын биринин - радиолиздин жүрүшүндө тоо тектериндеги радиоактивдүү элементтер суу менен реакцияга киришет, ал суутек менен кычкылтекке чейин ажырайт. Суутек жер астындагы калган сууларда эрийт, ал эми пирит сыяктуу минералдар бош кычкылтекти сиңирип, сульфат минералдарын түзөт. Микробдор эриген суутекти отун катары сиңирип, сульфаттарда сакталган кычкылтекти колдонуп, бул отунду “өрттөп” жиберишет.

Изилдөөнүн жыйынтыгында, торий, уран жана калий сыяктуу радиоактивдүү элементтер Марстын метеориттеринин бир нече ар кандай түрлөрүндө, ошондой эле сульфаттарга айландырыла турган сульфиддүү минералдарда жана сууну кармоо үчүн жетиштүү мейкиндиги бар тоо тектеринде бар экендиги аныкталды. Бул Марста жашоо болушу үчүн ылайыктуу шарттар болушу мүмкүн экендигин тастыктады.

Белгилүү болгондой, илгери Марста жер алдындагы суунун активдүү тутуму болгон жана бүгүнкү күндө жер астындагы суулар бар деп айтууга негиз бар.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Blueaffair
2021-04-27 06:37:09
Марска барат окшойбуз корона соронасы жок жашоого))
0
Rifle_I
2021-04-27 07:52:34
Blueaffair,Илон Маск бир тараптуу билет сатып жатат. Ийгилик ооп калса Марс планетасын колонизация кылуучулардын бири болуп алсаң болот.
-2
zhazgul98
2021-04-27 09:05:28
Билимдин өнүнүшү менен адамзаттын көптөгөн кыйынчылыктары чечилет. Коомдук карым-катнаш билимге гана негизделиши керек. Заманбап коомдо билимдин ролу талашсыз, ал адамдардын иш-аракетинин бардык чөйрөлөрүнө таасир этет. Билим канчалык өнүккөн болсо, Өлкө канчалык өнүккөн болот, жана билимге ошончолук көңүл буруп, илимий билимди адамдардын жашоосун жана техникалык прогрессти жакшыртууга багыттайт.
-8
Gulina90
2021-04-27 09:54:00
Уууф билимдин онушу
+3
Dembele84
2021-04-27 09:59:38
Озубуздун жерди норма оркундотуп алалычы.Марста бок барбы?
+8
ulaAjidar
2021-04-27 10:02:25
Биздин элиталарды жонотуш керек..Тиричилигин ошол жакта кыла беришет
+3
Mr.altynbek
2021-04-27 10:13:26
Отунбаева баш болгон НПОлорго кошуп Арстан алайга окшогондорду жонотуш керек Кыргызстан тынчып калат
+7
Mylatka..
2021-04-27 13:35:39
Mr.altynbek,туура ошо коомго ыплас жорукту киргизе албай убара болгондорду чогуу жөнөтөлү , каалаганын кылып жүрө беришсин))))
0
Agayu
2021-04-27 10:37:07
Кыргыздарды алып бара корбо .Илон Маск .
Себеби биз незаконопослуный калкбыз
+3
Azizbek81
2021-04-27 17:51:57
башка планетага кетип калышса,митинге ким чыгат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан