"Оскарга" көрсөтүлгөн кыргыз тасмалары

25-апрелде Лос-Анжелесте "Оскар" сыйлыгынын ээлерин аныктоо, сыйлоо аземи өттү. Кино тармагындагы эң беделдүү "Оскар" сыйлыгына татыктуу болгон тасмалардын, режиссёр жана актёрлордун тизмеси жарыяланды. Дүйнө жүзү бул сыйлыктын лауреаттарын кеп кылып жатканда, биз "Оскарга" көрсөтүлгөн кыргыз тасмаларын тизмектедик.

"Кентавр" тасмасы

Режиссёр Актан Арым Кубаттын "Кентавр" тасмасы 2017-жылы Кыргыз Оскар комитети тарабынан "Оскар" сыйлыгына "Чет тилдеги мыкты тасма" категориясына сунушталган.

Тасмада өзүнүн улуттук түпкү салт-санаасын сактап калуу аракеттерин көргөн, жылкыны "ат - адамдын канаты" деп ыйык туткан, өз аты өчүп Кентавр атка конгон адам жөнүндө баяндалат. Ал сөз гректердин мифтеринде кездешет. Бирок анын татаал дүйнөсүн, ойлорун эч ким түшүнө бербегендиктен кыйынчылыктар жаралат. Тасма Кыргыз өлкөсү, Франция, Германия, Нидерланды жана Япониянын кино жаратуучулары менен биргеликте 2017-жылы тартылган. Драма бир катар эл аралык фестивалдарда көрсөтүлгөн.

"Түнкү кырсык" тасмасы

2018-жылы Темир Бирназаровдун "Түнкү кырсык" тасмасы Кыргыз өлкөсүнүн атынан "Оскар" сыйлыгына көрсөтүлгөн.

"Кыргызфильм" тарабынан каржыланган бул тасманын узактыгы 1 саат 30 мүнөттү түзөт. Фильм таң каларлык мүнөздөгү жаш кыз менен улгайып калган курактагы жалгыз жашаган эркек киши жөнүндө. Кызды киши кыштактын четиндеги көчөдөн жаракат алып, жардамга муктаж болуп турган кезинде таап, ага камкордук көрсөтө баштайт. Бара-бара ал кишиде кызга болгон махабат сезимдери пайда болот.

"Аврора" тасмасы

2019-жылы ата мекендик кино жаратуучулардын калемине таандык "Аврора" фильми "Оскар" киносыйлыгынын "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясында Кыргыз өлкөсүнүн атынан ат салышкан.

"Аврора" тасмасынын режиссёру жана сценаристи Бекзат Пирматов. Фильмдин сюжетинде Советтер Союзунан бери өзгөрүлбөгөн Ысык-Көлдүн "Аврора" санаториясы көрсөтүлгөн. Тасмада Альбина Имашова, Марат Амираев, Болот Тентимишов, Бактыбек Мамытов, Жеңишбек Назаралиев, Дина Жейкоб, Жылдызбек Касейнов, Кумар Жалилов жана башкалар роль жаратышкан.

"Аврора" тасмасы "Серебряный Акбузат" кино фестивалында "эң мыкты режиссура" наамын жеңип алган.

"Жөө күлүк" тасмасы

2020-жылы режиссёр Мирлан Абдыкалыковдун "Жөө күлүк" тасмасы "Оскар" киносыйлыгына көрсөтүлгөн. Тагыраагы, "Жөө күлүк" тасмасы "Эң мыкты чет элдик тасма" номинациясында ат салышкан. Аталган тасма бир нече эл аралык кинофестивалга катышып, Пусан эл аралык кинофестивалдын баш байгесине ээ болгон.

"Жөө күлүк" тасмасы 12 жаштагы өспүрүмдүн жашоосунан алынган окуя. Өспүрүм бул жашоонун көптөгөн кыйынчылыктарына кабылганына карабастан өзүнүн жүрөгүндөгү адамгерчиликти жана боорукерликти сактап калган. Жекшен бул дүйнөнү жакшы жакка өзгөртүү мүмкүн экенине дагы да болсо ишенет.

Белгилей кетсек, "Оскар" - кино жаатындагы мыктыларды аныктаган америкалыктардын улуттук сыйлыгы. Анда "Эң мыкты чет элдик тасма" наамы да көрсөтүлгөндүктөн жыл сайын дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрү өз тасмаларын катыштыруу үчүн катышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан