Бишкек шаарында алдамчылыкка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 2020-жылдын 14-октябрь күнү Ленин РИИБине шаар тургуну арыз менен кайрылган. Анда арыз ээсинин чала таанышы Гагарин көчөсүнөн анын ишенимине кирип унаасын сатып берем деген шылтоо менен баасы 5 миң доллар турган Toyota ist унаасын ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кеткенин жазган.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Издөө иштеринин натыйжасында 1977-жылы туулган жаран кармалып, СИЗО-1ге бир айга камакка алынды. Мындан тышкары, тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө шектүү ушул сыяктуу кылмыштарды борбордо гана эмес, республиканын башка аймактарында дагы жасагандыгы тууралуу маалымат алынды. Тергөө иштери уланууда", - деп жазылат билдирүүдө.