Кечээ, 25-апрелде Чүй облусунун аймагынан мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөн Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Билдирүүгө ылайык, чек ара кызматкерлери кызмат өтөп жатып Кыргыз өлкөсүнөн Казакстанга кетип бара жаткан жаранды кармашкан.
Текшерүүдө жогорудагы жаран тийиштүү документтери жок мыйзамсыз өтүп бара жатканы аныкталган. Ал 1981-жылы туулган. Анын айтымында, ал Казакстанга жумуш издеп бара жаткан. Учурда кармалган жаран тийиштүү органдарга өткөрүлүп берилген.