Абдыганы Эркебаев: "Бексултан ага жүрөгү кенен, айкөл, адамдарга жакшылык каалап турган чыгармачыл адам болчу"

Бүгүн, 26-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү. Чыгармачыл инсандардын атынан сүйлөгөн академик Абдыганы Эркебаев жазуучунун адамдык мыкты касиеттерине токтолуп, кыргыз элине жан дили менен кызмат кылганын баса белгиледи.

"Бүткүл кыргыз эли оор жоготууга учурады. Кыргыз адабиятынын тарыхында Кыргыз өлкөсүнө, коңшу өлкөлөргө эң биринчи Бексултан Жакиев мыкты драматург катары таанылган. Ал өлбөс-өчпөс чыгармаларды жазып кетти. Бексултан ага мүнөзү катаал болсо да, адамдарга түз сүйлөп, кошомат кылганды билген эмес. Баарына бирдей мамиле кылчу. Жүрөгү кенен, айкөл, адамдарга жакшылык каалап турган чыгармачыл адам болчу. Мына ошондуктан ал "Жүрөлүчү жүрөк оорутпай" деген сыяктуу мыкты чыгармаларын жараткан. Ал "Манас" эпосунун 1000 жылдыгын өткөрүүгө, Юнеского киришине чоң салымын кошкон. Биз анын чыгармаларын унутпай, бири-бирибизге күйүмдүү бололу. Эч ким бирөөнүн жүрөгүн оорутпасын. Бексултан аганын ушул осуятын жүрөгүбүздө сактай жүрөлү", - деп эскерди ал.

Эске салсак, кечээ, 25-апрелде жазуучу, драматург Бексултан Жакиев 85 жаш курагында көз жумду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан