Нарын облусунун аймагындагы 15тен ашуун кудуктун капкактарын жана 10го чукул мүрзөнүн тосмолорун уурдаган жарандар кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
20-апрелден 21-апрелге караган түнү Нарын Суу канал ишканасына тийиштүү Нарын шаарынын ар кайсы аймагында орун алган суу түтүкчөсүнүн кудукчасынын 4 даана капкагын белгисиз адамдар тарабынан уурдалды деген кабар Нарын ШИИБине кабарланып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.
Ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектүү Нарын районунун тургундары 1989-жылы туулган К.А. менен 1988-жылы туулган М.Ж. кармалып, кылган иштерин моюнга алышкан. Мындан сырткары Нарын облусунун аймагында жайгашкан мүрзөлөрдүн чынжырларын жана тосмолорун жашыруун түрдө уурдап кетишкен.
Ошондой эле март айында Нарын шаарынын аймагында жайгашкан 5 даана таза суу түтүкчөлөрү өткөн кудуктардын капкактарын жашыруун уурдаган Нарын шаарынын тургуну 1994-жылы туулган С.Б. менен Ат-Башы районунун 1992-жылы туулган тургуну Б.Б. кармалган.
Жогорудагы жарандар жалпы 15 кудуктун капкактарын жана 10го жакын мүрзөнүн тосмолорун уурдаган шектүүлөргө карата кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүргүзүлүүдө.