Садык Шер-Нияз: "Бексултан Жакиевдин арты менен кыргыз маданияты бийик чокуга чыкты"

Бүгүн, 26-апрелде Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын Эл жазуучусу Бексултан Жакиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.

Жазуучу менен коштошуу зыйнатында сөз сүйлөгөн маданият тармагынын өкүлү, режиссёр Садык Шер-Нияз Бексултан Жакиевдин арты менен кыргыз маданияты бийик чокуга чыкканын баса белгиледи.

"Айкөл Манас өлгөндө Каныкей энебиз баласы Семетей атасы Манас, жери Талас экенин билеби деп Тайторуну төлгө кылып чапкан экен. Кечээ Советтер Союзу урап, кыргыз маданияты эмне болот деп сыналып турган учурда биз дагы Тайторудай кылып Бексултан байкени чаптык. Бексултан байке чыгып келсе, кыргыз маданияты, өнөрү, тили сакталып калар деп төлгө кылдык. Манаста айтылгандай, Тайтору артта калып, Каныкей энебиз карайлап көз жашын төгүп турганда Манас кырк чоросу менен сүрөгөн. Ошентип марага Тайтору чыгып келет эмеспи. Кыргыз адабияты, маданияты, тарыхы, тили эмне болот деп турганда, Бексултан байкени да Жеңижоктун, Токтогулдун, кадимки Толубай сынчылардын арбагы колдоп турду. Сиз менен кошо биздин маданиятыбыз да марага жетип келди. Сиз менен кошо тилибиз, Манасыбыз, акындарыбыз, айтыш өнөрүбүз марага чыкты. Кыргыз Эл Баатыры болуш кыйын, а кыргыз аксакалы болуш андан да оор. Сиз кара кылды как жарган, татыктуу кыргыз аксакалы болуп бердиңиз. Сизге карап биз түздөнүп келдик. Мындан ары да маданият тармагы сизди үлгү катары ээрчий беребиз. Кыргыз маданияты жашап турганда сиздин атыңыз өлбөйт", - деди ал өз сөзүндө.

Эске салсак, кечээ, 25-апрелде жазуучу, драматург Бексултан Жакиев 85 жаш курагында көз жумду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан