Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа менен поезд сүзүштү (видео)

Бүгүн, 26-апрелде Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа менен поезд сүзүштү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык Жалал-Абад шаарындагы Индустриальная көчөсүндө болгон. Анда күйүүчү май ташыган 20 даана вагон-цистерналар ички темир жол аркылуу “Кыргыз Петролеум Компани” ишканасынын аймагына бара жаткан учурда Хово үлгүсүндөгү унааны сүзүп кеткен.

"Жабыркагандар жана каза болгондор жок. Кырсыктын кесепетинен 1 даана вагон-цистерна жолдон чыгып кеткен. Оор жүк ташуучу унаанын багынан күйүүчү май аккандыгына байланыштуу өрт коопсуздугун сактоо максатында жерине өрт куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм тартылган", - деп жазылат билдирүүдө.

Жалал-Абадда жүк ташуучу унаа менен поезд сүзүштү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Aituwas
2021-04-26 16:13:02
Жалал-Абадта поезд бар беле е?:...Мен Балыкчыдан,кара-балтага чейин эле бар деп ойлоп журупмун....
-1
mirlan2084
2021-04-26 16:26:59
Aituwas,Ошто Жалал-Абадта Кара-Сууда Кызыл-Кыяда Ташкөмүрдө бар тууганым билбесең
+2
Asmat84
2021-04-26 19:56:31
Тооба анча мынча бир поезд келсе да ошо менен кагышасынар
+2
Rusi79
2021-04-26 21:42:50
Поезд сейреек журсо анан биздикилер рельсти лежачий полицейский деп конца калышты да.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан