Бишкекте алдамчылык фактысына шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, апрель айында Араван районунун тургуну ички иштер органдарына кайрылган. Анда ачык түрдө алдамчылык фактысынын курмандыгы болгондугун айтып, алдамчылык жол менен зыян келтирген адамга чара көрүүнү суранган.
Аталган факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, 204-беренеси "алдамчылык" менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Маалым болгондой, 2019-жылдын аягында И.А. аттуу жаран арыз ээсинин ишенимине кирип, алдоо жолу менен 150 миң сом акча каражатын ээлеп алган. Жабырлануучунун сөзүнө караганда шектүү жаран алган акчасын ушул күнгө чейин кайтарып берген эмес.
Жүргүзүлгөн иликтөө иш-чараларынын натыйжасында ушул жылдын 5-апрелинде Араван районунун 1972-жылы туулган тургуну кармалган. Аталган жаран уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин ыкчам каттоосунда турат. Учурда иликтөө иштери улантылууда", - деп жазылат билдирүүдө.