2019-жылдын 19-июнь күнү саат 17:56 чамасында Жайыл РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө 30 жаштагы З.А. аттуу жарандан телефон чалуу болгон. Анда ал белгисиз бет кап кийген жарандар Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн биринен жигити менен анын апасын бычактап кеткенин айткан. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барып, болжол менен 55 жана 30 чамасындагы эки адамдын жансыз денелерин табышкан.
Каза болгон эне-баланын кошунасы маркум "адамдык сапаты бийик, ишине тың, жоопкерчиликтүү болчу. Уулу акыркы жылдары Бишкекте жашап жүргөн. Өзү Кара-Балта шаарында жалгыз жашачу. Бири-бирибизге жардам берип, ал мага кеңешин айтып абдан жакын болчубуз. Эжени кыйнап, баланы мууздап өлтүрүшүптүр.
Ошол күнү Света эже саат 16:40та жумушунан чыгып, дачадагы үйүнө унаасы менен кеткенин көргөм. Эртеси бизге суук кабар келди. Ошондо милицияга кабар берген маркум жигиттин сүйлөшкөн кызы буларды айтып берген.
"Жигитим экөөбүз Бишкектен Кара-Балтага чыкканда апабызга байланышканбыз. Ал үйдө бизди күтүп жатканын айткан. Үйгө жетип калганда кайра телефон чалсак, "артка кайткыла, келбегиле" деп телефонду өчүрүп салды. Жеткенибизде мурдагыдай дарбазаны ачып тосуп чыккан жок. Жигитим унаадан биринчи, мен экинчи түштүм. Ал үйдү көздөй бир аз басары менен эле мени карап унаанын ачкычын ыргытып, "чурка, милицияга чал" деди. Мен унааны айдап чыктым. Нес болгон бойдон Кара-Балтага чейин келип калыптырмын. Бирок жолдо милицияга чалганым эсимде. Шаарга келип эле тааныштарга байланышып, кайра 20 мүнөттөн кийин үйгө барсак, экөө тең каза болуп калыптыр", - деп айтып берген Акишова.
Буга чейин Чүй облусунун Кара-Балта шаарында мыкаачылык менен өлтүрүлгөн эне-баланын өлүмүнүн бетин ачуу боюнча кызматкерлер төрт версия менен иштеп жатышканын Чүй ОИИББинин башчысынын милдетин убактылуу аткаруучу Сапарбек Асаналиев айткан.
Бүгүн, 26-апрелде Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бул кылмыштын бети дагы да ачыла электигин билдирди.
Маалыматка ылайык, эне менен баланын мыкаачылык менен өлтүрүлгөнүнө июнь айында эки жыл болот.